21-декабрда Жогорку Кеңештин “Ырыс алды - ынтымак” парламенттик көпчүлүк коалициясынын кеңешинин жыйыны болду. Анда депутаттар республикадагы жылуулук сезонуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Жыйынтыгында кийинки аптада, тактап айтканда, 24-27-декабрь күндөрү калкты электр кубаты жана жараталыш газы менен камсыздоо ишиндеги көйгөйлөр эске алынып, шайлоочулар менен бир катар жолугушууларды өткөрүү чечими кабыл алынды.