Пакистандын Пунжаб шаарында өткөн фестивалдын жүрүшүндө жергиликтүү тургун 1 мүнөт ичинде 155 жаңгак чакты. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Мохаммад Рашид аттуу жарандын бул көрсөткүчү "Гиннесстин рекорддор китебине" катталышы мүмкүн. Ал уруш түрүндөгү искусство менен алектенип келет. Рашиддин башы менен жаңгакты жара сүзүүнү канча убакытта өздөштүрүп, канча убакыт машыкканы маалымдалбайт.
Буга чейин бул жаатта рекорд ээси 2013-жылы катталып, Нью-Йорк шаарында Ашрита Фурман 1 мүнөттө 44 жаңгакты чага алган. Айырмачылык катары айтсак, мурунку рекорд ээси башын атайын моюн орогуч менен ороп алган болсо, Рашид муну эч бир коргоочу каражаты жок ишке ашырды.