Депутат Каныбек Иманалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал менен жолугушту

ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев 21-декабрда Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Нежат Акчал менен жолугушту. Каныбек Иманалиев эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерин, Түркиянын Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келе жатканын белгиледи. Депутат мунун бир мисалы катары Түркия Кыргызстандагы карызын кечкендигин жана 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя, 5 миллион доллар гранттык каражат бөлүп жатканын атады. Нежат Акчал да өз ара кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгуу максатында тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл буруу керектигин билдирди. Ошондой эле тараптар ортосунда мындан аркы туруктуу кызматташтык тууралуу да сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан