Каза болгон баласынын атына паспорт алуу үчүн 500 доллар сунуштаган жаран кармалды

Ош шаардык прокуратурасы мамлекеттик кызматта иштеген адамга пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 12-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү органдарга Ош шаардык паспорт-виза каттоо бөлүмүнүн башчысы кайрылган. Анда А.А. аттуу жаран каза болгон баласынын атына паспорт алуу үчүн 500 доллар сунуштаганын айткан.

Ошол күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран кармалган. Анын жанында 27 миң сом болгон. Учурда “пара берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
jypara1415
2014-03-12 16:45:23
Олгон баласынын атына паспорт алып эмне кылышы мумкун ?
0
nurel50
2014-03-12 16:50:28
Жер алса керекта
0
aylun
2014-03-12 16:58:59
же орусияга башка баласын кетирмек(((
0
tolkun85
2014-03-12 17:00:19
кызык го?
0
jyrogym
2014-03-12 17:11:31
Балким ушул жолду бироо сунуштап ,прокуратурага айып коюнуу ойлогондур...
0
asiret
2014-03-12 17:28:12
Адамдар эмне болуп баратат. Олгон баласын да тынч койбой
+1
tokio1991
2014-03-12 18:20:07
берген жаткан адам эмес алган жаткан адам жоопко тартылыш герек эле.
0
maks83
2014-03-12 20:17:03
эмне кылмак экен паспортту
0
jipara86
2014-03-13 00:42:11
bawka balasyna iwtetse kerekda
0
admin_superstan
2014-03-13 09:36:35
artur_kgboy - Талкуудан алыс билдирүүсү үчүн 3 күнгө БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан