Ош облустук прокуратурасы мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Ош облустук прокуратурасы мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 12-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын декабрь айында Өзбекстандын жаранына Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилген.

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык актылардын абалын жана калкты каттоо департаментинин тез документтештирүү бөлүмүнүн башчысына “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
infiniti
2014-03-12 17:49:58
Мындай озбек,тажик,кытай ж.б "жарандардын" даалайы россияда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан