Новосибирскте 17 жаштагы кыргызстандык келиндин ымыркайы мээси чайкалып каза болгону аныкталды

Орусиянын Новосибирск облусунда 17 жаштагы кыргызстандык келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайынын төрөтканада каза болушунун себеби аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, наристенин мээси чайкалган жана бул анын өлүмүнө себеп болгон. Анын денесинен эч кандай жаракат табылган эмес.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 27-февралында аталган шаардагы №6-төрөт үйүндө Кыргызстандын 17 жаштагы жараны дени сак бала төрөгөн. Бирок кийинки күнү ымыркайдын кан басымы көтөрүлүп, ал кыркырап дем ала баштаган.

Наристе шашылыш түрдө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бирок 4-мартта ал каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tolkun85
2014-03-12 18:12:48
эээх!!!кудай сактасынчы балдар оорубасынчы! даарыгерлер оз милдеттерин аткарышбайбы душманы болсода.
0
zilish_kg
2014-03-12 19:06:03
17 жаштагы келин ото эле жашко, мындай караганда мектепти да буто элек кыз экен
0
Beko87
2014-03-13 01:20:30
карай албаса эмнеге тууйт деймда.Кыргызтанга келип тороп бир ааз торолгуча туруп турбаптыр((
-3
tasuluu
2014-03-13 04:39:20
Beko87, кызыксынго, ал жаш болгону менен эне го.азап менен торогондон кийин анын олумун тилебейт.булда болсо Аллахтын ал аялга берген сыноосу, сабыр берсин ал келинге.
+2
Kara_kyrgyz
2014-03-13 09:20:01
Аллах мындан да жакшысын берерин унутпаш керек!
+2
mister-maku
2014-03-13 11:22:49
Баланы багуу оной эместа, 17 жаштагы кыз балким жаштык кылганго, ким билет биз бул жерде ар кандай жаза беребиз. Балким ымыркайды жыгып кулатып алган анан ошондон мээси чайкалып калганын озу деле билбей калса керек, энеси баласын кантип олтургонго барсын.
0
infiniti
2014-03-13 17:26:01
Алтын башын аман болсо,буйруса дагы да наристелуу болосун. Баардыгы биздин каалобуз эмес,кудайдын каалосундай болот тура..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан