Бишкек шаарында 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 12-мартта саат 15:00 чамасында Гоголь жана Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Одиссей унаасы Тойота үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада Тойота аңтарылып, Лексуска барып урунган. Андан соң жүк ташуучу бусту сүзгөн. Бактыга жараша, бул жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.