Бишкекте белгисиз эне 3 айлык наристесин катуу суукка карабай көчөгө таштап кеткендиги белгилүү болду
Бишкекте белгисиз эне 3 айлык уулун катуу суукка карабай көчөгө таштап кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди. Маалыматка ылайык, 20-декабрь күнү Бишкектин Свердлов РИИБине көчөдөн таштанды бала табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери окуя орун алган жерге барып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө наристе Широкая көчөсүндө жайгашкан соода күркөсүнүн алдына саат 17:10 чамасында ташталганын аныкташты. Азиат өңдүү 3 айлык наристе одеялого оролгон калыбында калтырылган. Учурда бала ооруканада, иштин чоо-жайы иликтенүүдө.