Малайзия: Дайынсыз жоголгон учак Андаман деңизинен изделүүдө

8-мартта дайынсыз жоголгон малайзиялык учак учурда Андаман деңизинин түштүк тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Учурда аны 11 өлкөнүн 100гө жакын кемелери жана учактары издөөдө.
Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Анда 14 өлкөнүн жарандары болгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөндө аны менен болгон байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы жана артты карай, батышка бурулганы көрүнгөн. Кызыгы, жүргүнчүлөрдүн телефонуна коңгуроо кетүүдө, бирок эч кандай жооп боло элек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
maks83
2014-03-12 20:05:02
тан калыштуу.анан да 21-кылымда жашап жатабыз
+1
kara_kulzha
2014-03-13 13:10:52
Мындай окуялардан Кудай өзү сактасың
+1
j_a_n86
2014-03-13 14:41:00
Мистикаго озунчо эле
+1
Dasto
2014-03-14 00:52:20
Дагы деле табыла элек... MH370
+1
aitowa11
2014-03-14 02:16:40
Ай тооба. 5кундон бери жок. Кудай сактасында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан