Популярдуу рейтингдерди түзгөн “Forbes” басылмасы канадалык ырчы Жастин Биберди орунсуз кылыктары үчүн ММКлардын көңүлүн бурдурган атактуулардын алдынкы сабына койду. Бул тууралуу 12-мартта чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 67 пайызы “акыркы бир жыл ичинде “өзүн мыкты көрсөтө” алган Бибер” деген тыянакка келишкен.
Жастин Бибер апта сайын түрдүү кылыктары менен ММКлардын торуна илинип келген. Мисалы, бир ирет мас абалында унаа айдап баратып кармалса, бир ирет полиция кызматкерлери анын үйүн тинтүүгө алышкан. Андан тышкары "баңгизатын сактап жүрөт" деген кеп тараганы маалым.
“Forbes” басылмасы түзгөн тизме:
1. Жастин Бибер
2. Ким Кардашьян
3. Линдсей Лохан
4. Майли Сайрус
5. Хани Бубу