Чүй районунда тоок фабрикасына тоок уурдоо үчүн кирген өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө тоок фабрикасынын ээси кайрылып, 10-марттан 11-мартка караган түнү уурулар 40 тирүү тоокту жана 30 тооктун этин уурдап кетишкенин кабарлаган.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери изи сууй электе кылмышка шектүү 4 өспүрүмдү кармашкан. Алар Кемин районунун тургундары болуп чыккан.
Учурда жогорудагы кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.