14-15-мартта Ош улуттук драма театрында «Ырыбыз – достук, ынтымак!» аттуу төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, айтышка тандоо турунан өткөн 16 акын жана Казакстан, Өзбекстан Республикаларынан чакырылган 4 акын катышат. Акындардын жубу чүчү кулак аркылуу чечилет.
Айтыштын 1-туру баллдык системде өтүп, эң жогорку упай алган 8 акын 2-айлампага жолдомо алат.
2-туру да ошол эле систем менен өтүп, эң көп упай алган 4 акын жарым финалга жолдомого ээ болот.
Андан кийин жарым финал олимпиадалык системде өтөт да, чүчү кулак аркылуу 4 акын айтышат.
Финалда жеңген акындар баш байге жана 1-орунга айтышат, жеңилген акындар 2-3-орунга ат салышат. Байге фонду 500 000 сомду түзөт.