УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Барселона” менен ПСЖ чейрек финалга чыкты

Кечээ, 12-мартта орун алган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук оюндарынын жыйынтыгында каталондук “Барселона” менен ПСЖ чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, “Барселона” өз үйүндө англиялык “Манчестер Ситини” 2:1 эсебинде утуп алды. Алгачкы оюн да 2:0 эсебинде каталондук клубдун жеңиши менен аяктаган эле (жалпы эсеп 4:1).

“Барселона” (Испания) – “Манчестер Сити” (Англия) - 2:1 (алгачкы оюн 2:0)

Голдор: Месси (67-мүнөт), Компани (89-мүнөт), Даниэл Алвес (90-мүнөт).

Ал эми Парижде өткөн оюнда ПСЖ өз үйүндө германиялык “Байерди” кабыл алып, 2:1 эсеп катыштыгында жеңиш ээси болду. Франциялыктардын биринчи оюнда конокто 4:0 эсебинде жеңгенин эске алсак, бул оюн көптү чечкен жок.

ПСЖ (Франция) "Байер" (Германия) – 2:1 (алгачкы оюн 4:0).

Голдор: Сэм (6-мүнөт), Маркиньос (13-мүнөт), Лавесси (53-мүнөт).  

Кошумчалай кетсек, чейрек финалдык жолдомолорго азырынча “Бавария” (Германия), “Атлетико” (Испания), “Барселона” (Испания), ПСЖ (Франция) клубдары ээ болду. Чейрек финалга чыга турган 8 команда толугу менен 19-мартта белгилүү болуп, 21-мартта Ньон шаарында чүчү кулактын негизинде атаандаштарын табышат. 

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. ПСЖ-Байер
УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. "Барселона"-"Манчестер Сити"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ali.95
2014-03-13 12:29:26
Алай эмне болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан