ИИМдин түштүк аймагы боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтордун 12 мүчөсү кармалып, кылмыш жообуна тартылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан 48 кылмыш жасалган. Арасында тоноо, уурдоо, зордуктоо, баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо, алдамчылык, акча талап кылуу да бар.
Ошондой эле кармалгандардын жетөө мурда кылмыш кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.