Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык социалдык коргоо башкармалыгы жана тартип сакчылары тарабынан 19-20-декабрь күндөрү көчө адамдарынын санын аныктоо үчүн рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 24 адам көчөдө жашаары аныкталды. Алардын айтымында, бул тургундарды түнкү сууктан сактоо үчүн "Тазалык" ишканасынын бир бөлмөсү жылытылып, атайын төшөнчүлөр коюлган. Эми үй-жайсыз тургундар ошол жерге түнөй алышат. "Алардын басымдуу бөлүгү жумушка жараган эле адамдар экендиги өкүндүрөт. Ал эми өспүрүм балдарды атайын балдар үйлөрүнө жайгаштырдык" деп билдиришти социалдык коргоо кызматкерлери.