Өткөн сутка ичинде өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте - 3, Чүйдө - 2, Жалал-Абадда - 2, Ысык-Көлдө - 1, Баткенде 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, эмерек жана парда күйгөн. Ал эми Токмок шаарында 6 жаштагы баланын тентектигинен квартиранын балконунан өрт чыгып, анда жайгашкан эмерек жана терезенин кашеги жарактан чыккан.