Ош. Адам өлтүрүүгө шектелип изделген Кадырбек Сайдиевди тапкандарга 200 миң сом акчалай сыйлык убада кылынды

ИИМдин түштүк аймагы боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын 1987-жылы туулган тургуну Сайдиев Кадырбек Абдирашидович изделүүдө. Ал адам өлтүрүүгө жана аны уюштурууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта басма сөз кызматы билдирди.

Кадырбек Сайдиевдин жүргөн жери тууралуу маалымат же кармоого жардам көрсөткөндөр үчүн 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырыларына кепилдик берилет. Изделген жаран ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелүүдө. 

Маалыматка ылайык, изделген адам тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, ушул телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:

(0 3222) 2-13-80, (0 3222) 3-03-88,

0 552 200-431, 0 559 755-855, 0 770 390024

Анонимдүүлүккө кепилдик бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bodibilding
2014-03-13 12:34:02
Кынгыр иш кырк жылдан кийин болсода билинет качып кайда бармак еле.
+4
infiniti
2014-03-13 17:21:44
Акмак качып кайда бармак эле. Мыйзамдын укуругу узун. Эртеби,кечпи кармалат.
0
zamira8576
2014-03-13 21:07:58
Акчанын кучу менен кутулуп кетет да баарибир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан