Панфилов районунда жөө жүрүүчүнүн катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 20:30 чамасында Бишкек – Чалдыбар унаа жолунда 29 жаштагы А.А. Мерседес-Бенц 312 унаасын башкарып бара жаткан. Ал 46 жаштагы жергиликтүү тургун А.Кны сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүрүүчү окуя болгон жерден жан берген.
Маалыматтарга караганда, маркум мүмкүн эмес жерден жолду кесип өтүүгө аракет кылган. Азыркы тапта тергөө амалдары жүргүзүлүп, жол кырсыгынын себептери такталууда.