Талас облусунун Нуржанов айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик сатып алуулар тармагында мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, прокуратура Талас облусу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада 2011-жылы айыл өкмөттүн жетекчиси жеке ишкер менен сүйлөшүп, Нуржанов атындагы мектепти оңдоо иштери боюнча жасалма акт түзүп, Каржы министрлигине каражат бөлүү боюнча кат жөнөтүшкөн. Каржы министрлиги мектептин жылуулук системин оңдоого уруксат берген.
Бул факт боюнча 12-мартта КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.