Талас. Талас берүүсү 26-декабрдан баштап обого күнүнө 2 сааттан чыга баштайт
Талас телеберүүсү 26-декабрдан тарта күн сайын 2 сааттык көрсөтүүлөрү менен обого чыга баштайт. Учурда бардык жабдыктар даяр болуп, журналисттер чыга турган көрсөтүүлөрдүн үстүндө кызуу иштешүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин алар жумасына 1 сааттык гана көрсөтүү менен обого чыгып келишкен. Эми болсо Талас элин күнүмдүк жаңылыктар менен астейдил кабардар кылып турушмакчы.