Бишкекте сойкулук менен алектенген кызды өлтүргөн жаран кармалды

Бишкекте 20 жаштагы кызды өлтүрүү боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул боюнча Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирет. 16-декабрда саат 15:00дө Свердлов райондук ИИБне "Артёмов жана Литов көчөлөрүнүн кесилишинде азиат улутундагы аял кишинин жансыз денеси жатат" деген билдирүү түшкөн. Иликтөөдө маркумдун өздүгү такталып, анын 1992-жылы туулган Т.Гуля экендиги аныкталган. Республикалык соттук экспертиза борборунун текшерүү жыйынтыгында денесинде катуу сокку издери калгандыгы, муунтуп өлтүрүлгөндүгү жана бетин ит тиштегендиги такталды. Өзүн анын курбусумун деп тааныштырган 1977-жылы туулган А.Кыял каза болгон Т.Гуля менен бирге Ибрагимов жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде денесин сатып иштеп жүргөндүгүн моюнга алды. Анын айтымында, акыркы чакыруудан кийин Т.Гуля дайынсыз жоголгон. Иликтөө аракеттеринен кийин кылмышка шектелип, 1984-жылы туулган Кочкор районунун тургуну И.Медер кармалды жана ал аталган кылмышты жасагандыгын моюнга алды. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza78
2013-04-16 14:03:13
Атын чыкпаса жер ортто деген ушу да.акмак курбу кызымын дегенин кара озунон 15 жаш кичуу болсо кайдагы курбу коллега дебейби.улуулар ушундай кылса кичуулор кайда барат.эжени коруп синди осуп атат да.А.Кыял ишин улантып атабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан