Алтай, Якутия, Тоолуу Шория жана кыргыз ырчылары биримдикти жандантышты (фоторепортаж)

Кечээ, 12-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда алтайлык ырчы Ирина Кензинанын демилгеси менен уюштурулган “Жандануудагы биримдик” деген аталышта концерт болуп өттү. Ага чет жерден келген таланттар: Якутиядан Юлияна, Алтайдан Ирина Кензина менен Марина Саксаева, Тоолуу Шориядан Чылтыс Таннагашева, Казакстандан Нартай Бекмолдинов катышты. Ал эми Кыргызстандан комузчу Кенжебек Алдаяр, манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчылардан Каныкей, Гүлзада Рыскулова, Батма Султанова жана “Ордо сахна” этнофольклордук тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

"Манас" айтуу менен башталган концерт алып баруучусуз өттү. Бирде музыкалык аспаптардын үнү жаңырып, бирде "Манас" айтылып, бирде ыр ырдалып, таланттар бири-бирин улап өз өнөрүн тартуулап жатышты. Өзгөчө үнгө ээ болгон өнөрпоздордун талантына күбө болгон көрүүчүлөр сурантпай кол чаап, кубаттап отурушту. 

Концертке КРнын Маалымат, маданият жана туризм министри Султан Раев баш болгон бир катар маданият кызматкерлери, улуу-кичүү муундун өкүлдөрү күбө болушту.

Кеченин соңунда сөз алган министр: "Жагымдуу маанай, өзгөчө энергия тартуулаган концерт болду. Концерт залдагы элдин, менин жүрөгүмдү толкундатты, жан дүйнөнүн майрамы болду десем жаңылышпайм. Бул концерт сыналгыдан көрсөтүлсө, 5 миллион элдин жүрөгүн толкундатат. Тектеш, маданияты окшош жана улуу эл экенибизди далилдедиңер",- деп уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Маданият министрлигинин атынан дипломдорду ыйгарды.

Бул иш-чара тууралуу ырчы Каныкей: "Ирина Кензина экөөбүз мурдатан эле байланыштабыз. Ал эл аралык деңгээлде концерт өткөрүү идеясын айтканда, дароо макул болгом. Буюрса, башка өлкөлөргө концерт коюуну пландап жатабыз",- деп ой бөлүштү.  

Этникалык ырчылардан өзгөчө концерт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Мэри
2014-03-13 17:29:43
Баарынын кийими бир типте го, шалбырап-шулбурап )))
-5
12.12.12
2014-03-13 18:13:30
Мэри, мындан башка айтаарга созунуз жоокпу? кыргыздар ушундай куйту, адамдардын ичи тар, коралбастыгынан гана онолбой келеби го.
+2
u5er
2014-03-13 23:54:51
Мэри, анан эмне кыргыздардыкы сонунураак деп жатасыңбы
0
Мэри
2014-03-13 19:09:32
12.12.12. Бул жерде көрө албастык жөнүндө сөз болгон жок, өзүңүз деле жакшылап карап көрсөңүз...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан