Жалал-Абадда "400 миң рублга жакын акчаны уурдаган" деп шектелип 3 адам кармалды

Жалал-Абадда "400 миң рублга жакын акчаны уурдаган" деп шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-марттан 13-мартка караган түнү саат 02:30 чамасында Базар-Коргон  районундагы А.Насыров көчөсүнүн №28-үйүнөн көп суммадагы акча уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. 42 жаштагы Марвархан Кочкорованын үйүнө белгисиз адамдар бет кап менен киришкен. Үйдүн ээсин, 1996-жылы туулган кызы Огулай Атажанованын жана кичүү кызы Мухлиса Кочкорованын ооздорун, колу-буттарын скотч менен таңышкан. Бет капчандар ок атуучу курал менен коркутушуп, үйдөгү темир сейфтен 385 000 рубль, 400 000 сом, 300 АКШ долларын жана 200 000 сомдук ар кандай алтын буюмдарын жана уюлдук телефондорун тартып алышкандан кийин из жашырып кетишкен.   

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары, 1987-жылкы А.Парпиев, мурун сот жообуна тартылган, 1986-жылкы А.Абдуллаев, 1988-жылкы Ф.Шакиров аттуу жарандар колго түшүрүлдү. Алардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзгөндө 600 грамм марихуана жана «Хизбут-Тахрир» уюмуна тиешелүү диний-экстремисттик маанайдагы 8 даана компакт-диск, 8 даана баракча жана 7 даана китеп табылды. 

Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттук экспертиза дайындалды. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aza9191
2014-03-14 09:34:19
чынбы жалганбы кудай билет аны
+1
sher89
2014-03-14 11:43:42
Кылмышкерлердин уйунон чыктыбы же, жабырлануучунун уйунон чыктыбы бангизат дисктер.
Тушунуксуз болуп калыптыр
+1
Saiypalar
2014-03-14 11:45:37
sher89, Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары, 1987-жылкы А.Парпиев, мурун сот жообуна тартылган, 1986-жылкы А.Абдуллаев, 1988-жылкы Ф.Шакиров аттуу жарандар колго түшүрүлдү. Алардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзгөндө 600 грамм марихуана жана «Хизбут-Тахрир» уюмуна тиешелүү диний-экстремисттик маанайдагы 8 даана компакт-диск, 8 даана баракча жана 7 даана ки
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан