Аба ырайы, 14-март: Тоолуу райондордо кар жаайт

14-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым дыйканчылык өрөөндөрүндө жаан, ал эми тоолуу райондорунда кар жаайт. Өлкөнүн калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда автожолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +5°C

Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +3°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +12°C, түнкүсүн +6°C

Баткен облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +6°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -14°C

Бишкек шаары. Күндүз +10°C, түнкүсүн +3°C

Эскертүү!

2014-жылдын 13-17-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. 

Ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына жана кардын тез эришине байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Арык системин тазалоону сунуштайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dasmond
2014-03-13 21:34:30
Азыр ушул моментте +19 ду корсотyп жатат, ушунча ысык болуп жатабы?
0
patriot_doni
2014-03-13 23:42:16
Урматтуу admin,Баткенде дагы чыр болуптур, жазып койгулачы сураныч,,..
+1
aitowa11
2014-03-14 02:18:42
patriot_doni, кандай чыр чыгыптыр, толугураак жазсанар
0
admin_superstan
2014-03-14 09:53:15
patriot_doni, Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Тактап, жазганга аракет кылабыз. Эгер дагы ушул сыяктуу сунуш же сын-пикирлериңиз болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтүңүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан