Түркияда болуп өткөн баш аламандыкта 2 адам каза тапты

Кечээ, 12-мартта Түркияда массалык нааразычылык акциясы укук коргоочулар менен кагылышууга айланып, баш аламандыктын натыйжасында 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, полиция кызматкерлери демонстранттарды кетирүү үчүн атайын каражаттарды колдонушкан. Маселен, Анкарада митингчилер “Кызылай” аянтындагы унаа жолун жабууга аракет кылганда, укук коргоочулар аларды ур-токмокко алып кетиришкен.

“Стамбулда бир демонстрант каза тапты. Мындан тышкары өлкөнүн түштүк аймагында акциянын жүрүшүндө бир полиция кызматкеринин жүрөгү токтоп, көз жумду”,- деп айтылат маалыматтарда.

Эскерте кетсек, нааразычылык акциясын уюштурууга өткөн жылы жайында "Гези" сейил багында болгон митинг учурунда полиция кызматкерлеринин огунан башынан оор жаракат алган 15 жаштагы Беркин Эльвандын өлүмү себеп болду. 268 күндөн бери комада жаткан Беркин Эльван шейшемби күнү Стамбулдагы клиникалардын биринде каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kara_kyrgyz
2014-03-14 09:31:41
ыр кесе эми туркторго отуптур да
0
ideat
2014-03-14 15:46:05
Кыргызстан жазда алат деп чамынган оппоциционерлер акчасы жок эле турушат го, болбосо кыйкырыгын чыгарат эле. Демократиянын ана башы эми келе жатат окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан