Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген, атын атагасы келбеген профессор мыкты окуган, таланты менен өзгөчөлөнгөн 5 студентке ай сайын 100 доллар өлчөмүндө стипендия берет. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти. Стипендияны 50 жылга чейин берүү пландаштырылган. Ал үчүн банк менен келишим түзүлүп, профессор өмүр бою айлык маянасынан топтогон каражатты банк эсебине чегерди. Банк бул каражаттан алынчу пайыздык пайдадан ай сайын 5 студенттин ар бирине 100 доллардан 12 ай бою стипендия берип турат. Каражаттын пайыздык үстөгү гана стипендияны төлөөгө кенен жетет. Жыл сайын стипендианттар жаңыдан тандалат. Быйыл сынакка эң мыкты деген 11 студент катышып, алардын ичинен бешөө тандалып алынды. Алар - Рахманалы кызы Кундуз, Замирбек Эркиналиев, Кенжебү Маматсадыкова, Мээрим Маметова жана Назгүл Каныбекова. Аталган активисттер жылына 1200 доллардык стипендиянын ээси болушту. Сынакка катышып жеңүүчү болбой калган 6 студентке да окуу жай жетекчисинин демилгеси менен 1500 сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү сыйлык ыйгарылды.