Бишкектеги 7-кичи райондо жайгашкан “Космопарк” көңүл ачуу жайында бейтааныш жигиттер жаш кыздын уюлдук телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, 18 жаштагы В.Екатерина “бейтааныш балдар мени коркутуп, уюлдук телефонумду тартып алышты” деп милицияга арыз жазган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын тургундары 16 жаштагы Г.Михаил, Б.Николай жана 17 жаштагы А.Артур кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.