Бишкекте бюджети 155 000 долларды түзгөн “Сүйүү жазы” тасмасынын бет ачары болуп өттү (фоторепортаж)

Бишкекте 13-мартта “Сүйүү жазы” лирикалык комедиясынын бет ачары болуп өттү.

Ага коомдук ишмер, ЖКнын депутаты Карганбек Самаков, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жана Күмөндөр Абыловдун бул тасмага демөөрчүлүк кылган казак досу, тартуучу топ, чыгармачыл топ жана сыйлуу коноктор келишти.

Тасманын жаратуучусу Күмөндөр Абыловдун айтымында, лирикалык тасманын сценарийи Кадырбай Мамбетакуновдун “Боз бойдок” чыгармасынын негизинде иштелип чыккан. Анда кыргыз менен казактын биримдиги кенен чагылдырылган.  

Ал эми Күмөндөр Абыловдун иниси Бакыт Мукулдун айтымында, тасма Бишкекте, Чолпон-Ата шаарында жана Алматыда тартылып, 155 000 доллар каражат сарпталган. Ал тартуу учурунда күнүнө актёрлорго 2000 сомдон 200 долларга чейин төлөнүп турганын жашырбайт. 
Күмөндөр Абыловдун "сүйүү жазы"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kara_kyrgyz
2014-03-14 09:25:38
Кумондор катышкан фильмдер сонун чыгат эле коруш керек экен
+3
ali.95
2014-03-14 11:43:10
Кыргыздар кино тартса эле коп акча кетет.
+2
infiniti
2014-03-14 18:06:23
Анан ошол кеткен каражатты актайбы? Биздин фильмдердин кобу,"тузу"жок болчу эле...
-5
Chika78
2014-03-14 22:02:41
Кумондор байкебиздин ишине ийгилик.Откондо казактардын каналынан кордум эле,корсо кино да тартып,катышып жургон экен да..
0
Nargiza.kb.90
2014-03-15 13:38:10
чет эллдик кинолордо кеткен каражат чыгымдарын айтат ко,анын эмнеси бар зато билебиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан