Жолугушуу учурунда эки элдин ортосунда маданият, искусство, билим берүү, тилдерди үйрөнүү боюнча достук-кызматташууну күчөтүү туурасында сөз болду. Ошондой эле кыргыз жана француз элдеринин адабий чыгармаларын томдук кылып эки тилге которуп жарыкка чыгаруу, тилдерди үйрөнүү боюнча кыргыз-француз, француз-кыргыз тилиндеги сөздүктөрдү, сүйлөшмөлөрдү, үйрөнүүгө ыңгайлуу болгон окуу китептерин биргелешип чыгаруу, тил үйрөтүүчү аудио-видеосабактардын электрондук варианттарын жайылтуу каралды.
Элчи Стефан Катта өз сөзүндө Франциянын Кыргызстандагы элчилиги, Борбордук Азияны изилдөө боюнча Француз институту жана М.С.Акчекеева, Н.А.Турганбаев менен бирге «Французча-кыргызча сөздүк» 2010-жылы жарыкка чыккандыгын белгиледи. Ошондой эле азыркы учурда Кыргызстанда 500 студент француз тилин окуп жана ЖОЖдордо Франциядан келген 100 мугалим сабак берип жаткандыгы маалым болду. Андан ары эки тарап ортосунда жогоруда аталган маселелерди, маданий-достук байланышты ишке ашыруу үчүн келишимдин негизинде иш алып баруу талкууланды.