Өткөн сутка ичинде өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Нарын облусунун Ак-Жар айылында жыгач устундуу сарайдын чатыры күйүп кетти. Анын кесепетинен 4 тонна чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.