Бишкекте мыйзамсыз курган 10 метр дубал үчүн Арча-Бешик конушунун тургунуна 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, мэриянын Жеке турак жай куруу боюнча департаменти мыйзамсыз курулган дубалдын ээсине административдик эскертүү жасаган. Бирок ал эскертүүгө көңүл бурбай койгондуктан, департамент административдик укук бузуу боюнча протоколду түзүп, Ленин райондук сотуна тапшырган.
“Соттун чечими менен дубалдын ээсине 10 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары ал пескоблоктон турган 10 метрлик дубалды бузууга милдеттүү”,- деп Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.