Пара алганы видеотасмага тартылып калган Жол-кайгуул кызматынын 2 инспектору административдик жоопкерчиликке тартылды

Пара алуу учурунда видеотасмага тартылып калган Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору жазага тартылышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, 5-мартта интернетте видеотасма пайда болгон. Анда Жол-кайгуул кызматынын 2 кызматкери пара алып жаткандыгы чагылдырылган.

“Тергөө амалдарынын натыйжасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын 2 инспектору административдик жоопкерчиликке тартылды. Бири кызматынан алынды, экинчиси тартиптик жаза тартты”,- деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kara_kyrgyz
2014-03-14 15:36:46
план толтура албай калышса керек да чондоруна
0
maks83
2014-03-14 20:17:00
Kara_kyrgyz, кайдагы план оздору дайым эле алат баш тарткан маи коргон эмесмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан