Борбор калаада авиабилеттерди сатып, алдамчылык менен алектенип жүргөн 31 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургундары милицияга арыз менен кайрылышкан. Анда “Альтура” ЖЧКсынын алдамчылык иш-аракеттери айтылган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания ар кыл багыттагы авиабилеттерди сатканы белгилүү болот. Бирок кардарлар сатып алган билеттер жараксыз болуп чыккан.
Белгилүү болгондой, бир кардар “Альтура” ЖЧКсынан Бишкек – Москва – Варшава – Москва – Бишкек багытында авиабилет алган. Бирок ал Варшавага жеткенде кайра учуп келе албай калган.
Бул факты боюнча кылмышка шектелип, аталган ишкананын генералдык директору, 31 жаштагы Аида кармалган.
Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан “Альтура” ЖЧКсы көптөн бери ишмердүүлүгүн жүргүзбөй калган. Компанияга да тиешелүү документтер жок болуп чыккан.
Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эгерде кимде-ким аталган компаниядан жабыркаса, төмөндөгү номурларга байланышка чыкса болот: 0 778 68-70-70, 0 554 10-24-17, 0 777 19-86-20.