Ош. Аскер комиссариаты 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды

Ош облусунда аскер комиссариаты 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Өзгөн районунун Салам-Алик айылынын 67 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 10-мартта Өзгөн районунун аскер комиссариатынын Таалай аттуу кызматкери анын уулу 1996-жылкы К.Тны аскерден калтыруу үчүн 5000 сом акча сурагандыгы жазылган.

Бул арыздын негизинде Ош ОИИББинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн. 13-мартта аталган комиссариаттын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, Өзгөн районунун Мырзаке айылынын 43 жаштагы тургуну М.Т. Жыл-Алды айылында 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elif
2014-03-14 13:20:07
jakshi kiliptir ariz jazip,negizi parani talap kilgan ele emes parani bergenge da jaza koldonush kerek,akcha azgirat da,eki tarapti ten jazalasak oshondo el taza bolot.
+1
kuba-kg1987
2014-03-14 14:05:45
5мин доллар алган чондорду эч ким корбойт
+1
aitowa11
2014-03-14 14:22:44
kuba-kg1987, туура.
0
Kara_kyrgyz
2014-03-14 15:35:17
Чек-ара кызматына аскер жетишпей жатат, эл озу туртот да коррупцияга жазылып турбайбы "аскерден алып калуу учун" деп мындайча айтканда альтернативный кылып берем деген да! Жириновский айткандай "Армиядан качышат КВНге барсан зал толтура жаштар, давайте 1чи турдан отпой калдывы сразу оптом баарын армияга"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан