Ош облусунда жыл башынан бери Ош ОИИББинин 5-бөлүмү тарабынан 4 пара алуу, 1 пара берүү, 4 кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары болуп, жалпысынан 9 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта ОИИББинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Ошондой эле жыл башынан бери 1618 кылмыш иши катталып, анын ичинен 1291инин бети ачылган.