Кара-Кулжа районунда жылгаяк тээп жүргөн 7 окуучуну кар көчкү басып калды
Бүгүн, 22-декабрда саат 13:30дар чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында 7 окуучуну кар көчкү басып калды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кырсыкка кабылган окуучулар аталган айылдагы Абдылдаев мектебинен 2-3 чакырым алыстыкта жайгашкан адырда жылгаяк тээп жатышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча 2 окуучу кыз каза болуп, калгандары ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Кар көчкүнүн көлөмү 150 метр кубду түзгөн.