Бишкекте индиялык жаранды тоноо боюнча кылмышка шектелип 5 жигит кармалды

Бишкекте 20 жаштагы Индиянын жараны тонолду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Турусбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш жигиттер аны коркутуп, 500 сомун тартып алышкан. Ленин РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, кылмышка шектүүлөрдү кармады. Алар: 19 жаштагы К.Тилек, А.Турсунбек, Д.Иман жана 18 жаштагы Н.Фарух, А.Самат.

“Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Алардын буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды”,- деп кабарлады Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан