Билим берүү жайларында Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленет

Кыргызстандын аймагындагы билим берүү жайларында төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жылы залкар акындын өмүр таржымалына, чыгармачылыгына арналган поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий-практикалык конференциялар менен отурумдар уюштурулат. 

Кошумчалай кетсек, “Токтогул Сатылгановдун туулганынын 150 жылдыгына карата бардык билим берүү жайларында төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленсин” деген буйрукту КР Өкмөтү февраль айында чыгарган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан