"Супер-Инфо" гезитинин 2013-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын ТВ персонасы" наамынын ээси
Элиза Кененбаева бүгүн, 14-мартта социалдык тармактагы өздүк баракчасына
"Азаттык+" программасындагы акыркы берүүмдү алып барып, көрүүчүлөр менен коштоштум" деп жазды. Себебин билүү максатында байланышканбызда, ал:
"Ооба, бүгүн аталган телеберүүдө акыркы жолу алып баруучулук милдетти аткарып, съёмкага тартылып келдим. Көрсөтүүнүн талабына жараша, алып баруучулукту өзүмдөн кичүү Айгерим Акылбекова деген кызга өткөрүп бердим. "Азаттыктан" биротоло кеткен жокмун. Буюрса, эми өзүмдү анын башка долбоорлорунда сынайм. Буга чейин Жанар Акаев да ушундай кадамга барган",- деп түшүндүрдү.
Эске салсак, Элиза Кененбаева 2011-жылдан бери аталган берүүдө алып баруучулук милдетти аткарып келген.