Бишкектеги Ош базарынын жанындагы көп кабаттуу үйлөрдү суу каптоодо (Фоторепортаж)
Бишкектин Бөкөнбаев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү суу каптоодо. Суу каптоого Ала-Арча суусу өткөн каналдын карга толуп, суу нугун бууп калуусу себеп болууда. Белгилей кетсек, жогоруда аталган көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн айланасын кар бөгөп калып, суу ошол аймактагы үйлөрдү каптоодо. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары менен кызматкерлери каналды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.