Бишкектеги Республикалык психиатриялык борбордон бир оорулуу качып кеткендиги тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, оорулуу 12-мартта саат 19:00 чамасында оорукананын 1-бөлүмүнөн терезени сындырып качып кеткен. Ал 1986-жылы туулган борбор шаардын тургуну болгон.
Учурда Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүүдө. Сүрөттөгү адамды көргөн-билгендер болсо, 102 же 54-41-84, 54-41-16 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.
Эске салсак, 2012-жылы 14-мартта аталган ооруканадан качкан жаран мас абалында 3-кичи райондон алдынан чыккан 70 жаштагы кишини өлтүрүп, дагы бири кишиге бычак сайып кеткен фактысы катталган.