Ошондой эле укук коргоо органдарына борбор калаанын 30 жаштагы тургуну М.Людмила кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнөн 4600 сомдук телефонун уурдап кетишкенин айткан. Бул фактыга шектүү деп Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан Р.Александр колго түшүрүлдү.
Мындан сырткары милицияга Бишкек шаарынын 20 жаштагы жашоочусу Т.Бакыт арыз жазган. Ал "Орто-Сай" базарынын айланасында белгисиз адамдар анын уюлдук аппаратын тартып алганын айткан. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурулукка шектелип 22 жаштагы Н.Арсен кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.