"Чет элдик жарандарды тоногон" деп шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү белгилүү убакытта жана тандалган гана адамдарга кол салышкан

“Чет элдик жарандарды тоногон” деп шектелип кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыштуу топтун мүчөсү катары 18 жаштагы К.Тилек, А.Турсунбек, 19 жаштагы Д.Иман, А.Самат жана 17 жаштагы Н.Фарух колго түшүрүлгөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр көпчүлүк учурда Индиянын жарандарын тоношкону маалым болгон. Кылмыштар саат 19:00дөн 22:00гө чейин Киев-Турусбеков көчөлөрүндө жасалган.

Азыркы тапта укук коргоо органдары тарабынан 5 фактынын бети ачылды.         

Белгилүү болгондой, 20 жаштагы К.Адданки 2000 сом, 18 жаштагы Р.Равури 500 сом, 18 жаштагы Сингара 200 доллар, 18 жаштагы С.Панда 20 доллар акчасын жана телефонун уурдаткан. Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Бишкек шаарындагы Ленин райондук тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Jamalym
2014-03-14 17:02:57
Тообо кылдым,балдарыбызга ынсап бер Жараткан.Эми булардын ата-энеси кандай акыбалда калды экен.?
0
u5er
2014-03-14 17:30:00
беттери күлкүлүү экен
+1
temirlan85
2014-03-14 17:31:08
Тоной турган туру жок, ырсайган эле балдарго булар?
+1
infiniti
2014-03-14 17:45:07
Жаш балдар экен,ата-энесинин мандайдында эле.жардам берип,тынч олтурушса болмок.
+1
tynara81
2014-03-14 18:39:44
Ээ, булар кылмыштуу топ эмес эле жөн эле бейбаштык кылган балдар го дейм. Өздөрү курдуу чет элдик жигиттерге кыр көрсөткөн болуп, анан акчасын алып коюшкандыр да. Бирок эми булар жашынан соттолду деген статуска "ээ" болушат. Байкуш ата-энелери андан канча эсе көп акчаны көтөрүп алышып чуркашат эми.
+1
logist
2014-03-14 21:27:46
буларды ким айтат кылмыштуу топтун мучосу деп ха ха ха
+1
tynara1983
2014-03-15 00:08:26
Россияда орустар башка улутту уруп же тоноп жада калса олтуруп койсо дагы аларды издемиш болуп делону жаап койушат аа биздиклерчи 200$ ды елдерге жарыялап чыгышат индустар орден таксаго жакшы
+1
Kara_kyrgyz
2014-03-15 11:10:52
тыртактар шымын кысып эле окуусун окушпайбы кыйраткансып туруштарын кара! э башшынарга силердин
0
belle87
2014-03-15 11:36:12
буга окмот кунолууда жумуш деген жок ата энелери иштебесе. иштеседа айлыктары аз 2000, 3000 азыркы учурда эмнеге жетет
0
Altyn10076
2014-03-15 14:06:35
Базага барып тачка туртсо деле акча болота адамды тоноп арам акча коз жаштан акча албай.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан