Аба ырайы, 15-март: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

15-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +2°C

Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +2°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн +4°C

Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +3°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -16°C

Бишкек шаары. Күндүз +6°C, түнкүсүн +2°C

Эскертүү!

2014-жылдын 14-17-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. 

Ошондой эле 14-марттан 19-мартка чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу сакталат. Арык системин тазалоону сунуштайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан