Индияда 28 жаштагы Урмила Шарма аттуу айым эки баштуу кызды төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, учурда ымыркай жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ымыркайдын эки башы жана эки моюну бар. Дарыгерлердин айтымында, эгер эне кош бойлуу учурунда УЗИден текшерилгенде, ичиндеги баланын оорулуу экенин аныктап, аборт жасатып салмак.
“Келин акча каражаты жок болгондуктан, УЗИден өткөн эмес. Азыркы учурда Урмила Шарма эмне кыларын билбей жатат”,- деп жазышты ММКлар.
Белгилей кетсек, 2002-жылы Бразилияда эки баштуу ымыркай төрөлүп, эки күндөн соң каза тапкан.