Орусиядан Тажикстанга реэкспорттолуп келе жаткан 2 миңден ашык дублёнка Кыргызстандын бажы чек арасынан жоголуп кеткен

Орусиядан Тажикстанга реэкспорттолуп келе жаткан 2 миңден ашык дублёнка Кыргызстандын бажы чек арасынан жоголуп кеткен. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Чек ара-бажы кызматын текшерүүгө алганда, бир топ олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Орусиялык жеке компаниянын атынан эркектердин жана айымдардын 3500дөй дублёнкасы Тажикстанга реэкспортко жөнөтүлгөн. Кыргызстандын Борбордук бажы кызматы ал жүктү Түштүк-Батыш бажы пунктуна өткөрүп берүүдө мыйзам бузууларга барган. Тажикстанга жеткенде аталган жүктүн саны 2082ге аз болуп чыккан. Бул мыйзамсыз көрүнүштөн Борбордук бажы кызматы жеке компанияны 936 263,63 сомго зыянга учураткан. Иликтөөнүн жыйынтыгында үч факты боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aitowa11
2014-03-15 12:10:05
))) кантип жоголуп кетиптир))))
+1
alatookg312
2014-03-15 12:47:18
жон еле
0
Jamalym
2014-03-15 13:45:18
Бажычылар бекитип алышты да коруп эле журбойбузбу мындай окуяларды.
0
talgatbek87
2014-03-15 13:55:52
Алын шефим алып калын болдуда текиндики пекинге деп
0
nargiz_96
2014-03-15 14:11:50
кыргыз тонудр жутуп жиберет бекер болсо
0
badirovk
2014-03-15 14:23:08
Бажы кызматкерлер,дегеле формачандарда бет деген калбаптыр
0
Almabek
2014-03-15 14:44:43
Бажы пунктунун начальниги менен сыйкырчы Девид Коперфильд мелдешип кетет экен. Девид:-Мен азыр суф десем тиги 20 вагон жугун жоголуп кетет дейт экен, да суф десе чындап 20 вагон жоголуп кетет экен. Анда Бажы пунктунун начальниги:-Менин деле колуман келет андай,карап тур деп, 20 вагонго жуктолгон спирттин накладноюна картошка деген печатты басып коет экен. -Мына 20 вагон спиртти жоготуп ордуна картошка кылып койдум дейт экен.
+2
Adiko..91
2014-03-15 15:42:31
качан биздин органдарга акыл кирет акылга сыйбаган иштер болуптургоо деги ойлонбойбу
0
tolkun85
2014-03-15 16:40:26
ынсап берсинчи, эмне эч ким билбейм калат деп ойлоштубу
0
abdi91
2014-03-15 23:51:41
жоголбой еле тажиктер оздору урдаган анан кыргызстанда жоголгон деп кунонуу бизге оодарып коюшкан
+2
Beko87
2014-03-16 03:16:15
кызык ким жутуп ийиптир ээ)))
0
admin_superstan
2014-03-17 10:14:32
Kuba_87, провокация жарата турган билдирүү жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан