Бишкекте өткөн сутка ичинде "Тез жардам" кызматына 518 чакыруу түштү. Чакыруулардын 394ү аткарылып, 100 адам ооруканага жаткырылган жана 394 адам бейтапканаларга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, алардын баары ооруканага жаткырылган. 6 кылмыш иши катталып, 4 адам жаракат алган. 1 адам дары ичип ууланган. 15 жаштагы бала өз жанын кыюуга аракет кылган.