Бишкектин борборунан табылган өлүктүн өздүгү такталды. Ал Араван районунун тургуну болуп чыкты

13-марттан 14-мартка караган түнү Бишкектин Раззаков көчөсүнөн жаш кыздын жансыз денеси табылган эле. Анын өздүгү аныкталды. Ал Араван районунун Жаңы-Жол айылынын 21 жаштагы тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыз жакында эле Кытайдан каникулга келиптир. Анын атасы Ош облусунда, апасы Кытайда жашайт экен. Маалымат ата-энесине кабарланары менен экөө тең Бишкекке учуп келишти. Кыздын Абдрахманов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде убактылуу батирде жалгыз жашаганы аныкталды. Анын сөөгү соттук-медициналык жана биологиялык экспертизалардын жыйынтыгы чыкканга чейин өлүкканада сакталат” деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 14-мартка караган түнү жолдон өтүп бараткандар Раззаков көчөсүнөн 20-25 жаштардагы кыздын өлүгүн көрүшкөн. Анын башына полиэтилен баштыгы кийгизилип, колдору көк түстөгү чүпүрөк менен байланган эле. Жанынан айымдардын кара түстөгү бут кийими жана күрөң кур табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kgmin1990
2014-03-15 12:59:36
Окунучтуу ата энесине сабыр берсин аллахым.
+1
Bella-life
2014-03-15 13:16:53
Кимдин ушу кызды өлтүргөнгө колу барса дагы Кудайым жазаласын.
Бизде өз көчөңө ойноп чыгуу да коркунучтуу болуп калды.
Качан мындай айбанчылык токтолок,
адам адамды өлтүрүп аткандан кийин куруп эле кетпейсинби
+1
leben
2014-03-15 13:20:12
абдан окунучтуу ата энесин ойлоп журогум ыйлады.
+1
rukopaWnik
2014-03-15 13:51:03
Жайы жаннаттан болсун.
Өлтүргөндөр өз жазасын алышсын.
Ошон үчүн кичине залга барып самозащита менен тренеровка кылсаңар кыздар,ушундай абалдардан кутулуштун жолун үйрөнөсүңөр.
Азыркы заманда мындай адам өлтүрү,зордуктоо жумасына 2,3 жолу сөзсүз болуп жатат.
Өзүңөрдү өзүңөр защита кылганды үйр
+1
aliya2013
2014-03-15 14:28:38
Озубуздун жерибизде ушинтип бирин бири олтуруп. Айабай еле окунучтуу.
0
lazygirl
2014-03-15 15:16:15
Окунучтуу. Ата энесине сабыр берсин
0
u5er
2014-03-15 15:21:24
Кайсы айбан өлтүрдү экен, табып 200 жылга отургузалы
+1
tolkun85
2014-03-15 16:36:35
ата- энесине туугандарына сабыр бер кудай
0
mir89kg
2014-03-15 17:45:10
Араван районунун койсыл айыл окмотунон экен. Ал жакта жети Жаны-Жол деген айыл бар?
0
maks83
2014-03-15 19:27:50
акча талап кылды го зоокур
0
tairbek
2014-03-15 22:16:21
Аллахым кыздын куноолорун кечирип бейишке киргизген болсун! Ата энеси эмне учун аны жалгыз жашатып койду экен?
0
nazhiev80
2014-03-16 01:59:21
арты кайырлуу болсун( бирок ушул заманда да жаш кыз жалгыз жашайбы тобо.
0
zhusubali
2014-03-16 06:29:09
Мамлекетти дин менен башкарса мындай нерселер болмок эмес
0
Sayasatchy0001
2014-03-16 22:36:32
айымдарды олтуруп и зордуктаганды деги аял затынын намысына тийген кылмышкерлерге мындай закон кабыл алыш керек деп ойлойм (бычып коюш керек)деген дагы кошумча закон кабыл алышса жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан