Бишкекте курулуш материалдарын уурдаган жаран кармалды

Бишкекте курулуш материалдарын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 38 жаштагы А.Чолпонбек “Горький-Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан объектимден бирөөлөр курулуш материалдарын көтөрүп кетишиптир” деп жардам сурап кайрылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 21 жаштагы С.Курманбек кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан