Алматы шаарынан боюнда бар кыргызстандык келин 5 килограммдан ашык баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Шаардагы “Сити-Плюс” соода борборунун жанынан Кыргызстандын жараны кармалып, аны текшерүү учурунда жанынан “555” белгиси басылган 5 баштык героин табылды” деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, териштирүү учурунда келиндин кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү да аныкталган. Келин Алматы шаарындагы Ички иштер департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Казакстандын Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгы кыргыз кызматкерлери менен биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүүдө.